КӨК-ОЙ 1
КӨК-ОЙ – Нарын обл-нун Жумгал районундагы кыштак. Көк-Ой айыл округуна караштуу. Жумгал суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 1740 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыш-нан 12 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 192 км. Кыштак 1925-ж. негизделген. Калкы 1738 (2007); негизинен мал асырайт. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, мад-т үйү ж-а ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.