КӨК КАРГА СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК КАРГА СЫМАЛДАР (Coraciiformes) – куш­тардын түркүмү. Бул түркүм бир кыйла айыр­маланган топту камтыйт. Филогенез жагынан күкүк сымалдарга ж-а байкуш сымалдарга жа­кын. Куш жүнү катуу, ачык түстө, көпчүлүк учурда күмүштөй кулпунуп турат. Анын 49 уруу­су, 194 түрү бар. Негизинен тропикте ж-а суб­тропикте жашайт; мелүүн кеңдикте чанда кез­дешет, келгин куш. КМШ өлкөлөрүндө 11 түрү бар, а. и. 6–8 түрү уялайт. К. к. с. көбүнчө сей­рек дарактуу жерде, бир азы талаада, чөлдө жашайт. Моногамдар. Уяларын көңдөйгө, аска жаракаларына же ийинге салат; кээ бири коло­ния түрүндө уялайт. Балапандарын ургаачы, эркеги экөө тең басып чыгарат. Балапаны жы­лаңач, көзү ачылбай чыгат, жай чоңоёт. Неги­зинен жаныбарлар м-н азыктанат.