КӨК-ЖАР 2

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-ЖАР – Нарын обл-нун Кочкор районундагы кыштак. Төлөк айыл округунун борбору. Жоон- Арык суусунун ж-а Бишкек – Чаек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1919 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 10 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 70 км. Калкы 2274 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү, ФАП бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор­го эстелик тургузулган.