КӨК-ЖАР 1
КӨК-ЖАР – Нарын обл-нун Ак-Талаа районундагы кыштак. Көк-Жар айыл округуна караштуу. Нарын д-нын боюнда, деңиз деңг. 1725 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баетов кышнан 65 км түн. тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 300 км. Кыштак 1932-ж. орношкон. Калкы 1002 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Айылдык амбулатория, мончо, тегирмен иштейт.