КӨК-ЖАҢГАК
КӨК-ЖАҢГАК («көк» иран тилдеринде «кух» –
тоо дегенден; тоо жаңгагы) – Жалал-Абад
обл-ндагы шаар (1943-жылдан), т. ж. бекети. Сузак районунун аймагында. Шаар Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш этегинде, Коргон-Таш (Көгарттын сол куймасы) суусунун боюнда, Серүүн-
Дөбөгө жакын, деңиз деңг. 1350–1590 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Жалал-Абад ш-нан 30 км түн.-чыгыш тарапта. Шаар жайгашкан аймактын табияты кооз, жаңгак-жемиш токойлуу. Кышы жумшак (январдын орт. темпрасы –10°Сге чейин), жайы салкын (июлдуку
20°С). Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү 450 мм, көбүнчө кыш ж-а жаз айларында жаайт. Калкы 10,5 миң (2009); көп улуттуу: негизинен кыргыздар, о. эле орус, өзбек, татар, курд ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт.
К.-Ж. кыштак катары 1896-ж. негизделген.
Анын эски калдыктары шаардын түш.-батыш тарабында (4–5 км аралыкта) тоонун этегинде
сакталган. Көмүр 1910-жылдан казылып алына баштаган. 1931-ж. Багыш – Көк-Жаңгак
т. ж. курулган. 1932-ж. «Көк-Жаңгак көмүр» кен башкармасы уюшулуп, анда алгачкы жолу план б-ча 160,5 миң т, ал эми 1970-ж. 724 миң т көмүр казылып алынган.
Шаарда Таш-Көмүр шахтасы, кийим тигүү цехтери (1968-ж. фабрика), «Жетиген» (1972-ж. ишке киргизилген «Профиль» з-ду), «Коргон- Таш», «Тулпар» АК, «Гүлазык» нан з-ду, банк, байланыш түйүнү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, басмакана, дүкөн, ашкана, чайкана, ресторан ж. б. иштейт. Шаардын экон. байланыштары темир ж-а автомобиль жолдору аркылуу жүргүзүлөт. К.-Ж. автобекети 1979-ж. курулган. Шаарда кесиптик-тех. лицей, 5 орто, муз. ж-а спорт мектептери, шаардык китепкана, оорукана (1935-жылдан иштейт), 4 бала бакча, бейтапкана, дарыкана, тез жардам берүү
бөлүмү (1934), музей (1985), мад-т үйү, кинотеатр ж. б. мекемелери бар. Совет бийлигин орнотууда ж-а Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Шаардык «Көк- Жаңгак кабарлары» гезити чыгат.