КӨК БУУРЧАК
КӨК БУУРЧАК – жашылча буурчагынын жакшыртылган сортунун даны. Жаңы кезинде же консерваланган түрдө тамак-ашка пайдаланылат. Консервалануучу буурчакта орт. 16–22% кургак зат, а. и. 5–8% кант, 3–7% крахмал, 4– 7% азоттуу заттар, 1,5% минерал туздар, 20– 40 мг % С витамини, каротин ж-а В витаминдери болот. Консерва сырьёсу катары пайдалануучу К. б. дүмбүл кезинде орулат, данынын формасы б-ча ал жылма дандуу, бырыш дандуу ж. б. болуп бөлүнөт. Бырыш дандуу К. б-тын сабагы анча узун эмес, текши гүлдөп, текши бышат. Сабагы силостолуп, даны консерва з-дуна жиберилет.