КӨК БӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК БӨРҮ , у л а к т а р т ы ш – улуттук оюн, ат спортунун бир түрү. К. б. Борб. Азияда ил­гертен эле ойнолуп келген. Мурда оюнга 10–15 жаштагы балдар да кунан минип катышкан. Оюнчулардын саны чектелген эмес, оюнга ка­лысты өздөрү шайлашкан. «К. б.» термининин келип чыгышы күчкө толуп турган жигиттер кадимки эле бөрүнү чаап алып, талашып-тар­тышып ойногондугу м-н байланыштуу. Тажик­терде ж-а түш. кыргыздар улактын ордуна тор­пок тартышып, мелдеш өткөрүшөт. Учурда жаңы эрежеге ылайык атчан эки жааттын ортосунда өткөрүлөт. Ар бир жааттын максаты –муузда­лып, баш-шыйрагы кесилип, жерге ташталган улакты эңип алып, атаандаштарына тарттыр­бай «тай казанга» таштоо. Мелдеш эрежеси б-ча 18 жаштан ашкан, атта мыкты жүргөн, карылуу, шамдагай жигиттер шым, көйнөк, өтүк ж-а баш кийимчен катышат. Кыргыз Респ­нын «Көк бөрү» федерациясы тарабынан түзүлгөн кийинки эреже б-ча команда 4 улакчыдан ту­рат. Улак тартылуучу талаанын жери тегиз, жумшак келип, туурасы 150–200 м, уз. 300– 400 м болушу керек. Аянттын ортосунда диа­метри 10 м келген айлана болот. Ар бир тайм ушул айланадан башталат. Аянттын эки жа­гында диаметри 5 м келген «тай казан» орноту­лат. Улакчылар улакты «тай казандын» ичине таштоосу керек. Эгер улак «тай казанга» жет-

пей же ашыра ташталса, калыс оюнду токто­тот. Улакты аянттын борборунан 25 м аралык­тагы чиймеге таштап, оюн кайрадан уланты­лат. Оюн 20 миндан 3 тайм болот. Улактын салмагы 30–40 кгдан ашпоосу керек. Оюнда жерге ташталган улакты эңип алууга, улакты атаандаштарынан тартып алууга, өнөгүнө бере салууга, такымга басууга, колунда алып жүрүүгө, ээрге өңөрүүгө, аттын капталында же астында кармап жүрүүгө, өнөктөрүнө жардамдашууга уруксат берилет. Атаандаш оюнчунун атынын тизгининен кармоого, жүгөнүн шыпырып алуу­га, үзөнгүсүн чечүүгө, камчы м-н атты башка ча­бууга, чаап келаткан улакчынын алдын тороо­го, улакты ээрге байлоого, сөгүнүүгө, урушууга тыюу салынат. К. б. 1950-жылдан бүткүл союз­дук ат спортунун программасына киргизи­лип, мелдештерде Кырг-ндын командасы бир нече жолу жеңишке ээ болгон. Ал учурда К. б. б-ча 3 разряд гана белгиленген. 2001-жылдан


«спорт чебери», «эл аралык спорт чебери» наам­дары да берилет. К. б. б-ча «Кыргыз Республи­касынын Президентинин кубогуна» мелдеш өткөрүлөт.