КӨЙКАП ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЙКАП ӨРӨӨНҮ Борб. Теңир-Тоодо. Кайың­ды ж-а Май-Баш тоолорунан Сары-Жаздын өрөөнүнө чейин чыгыштан батышка кеңдик б-ча 45 км аралыкка созулуп жатат. Ак-Суу районунда. Эң жазы жери 20 км, кууш жери 1–2 км. Аянты 532 км2. Орт. бийикт. 2930 м. Өрөөндүн таманы тепши сымал бир аз кеңейип, байыркы мөңгүлөрдүн издери сакталган эки айрыкка (түндүгүндө Теректи, түштүгүндө Май- Баш) бөлүнөт. Сары-Жаздан айрыкка чейинки бөлүгүнүн таманы 10 м, бийикт. 30–35 м келген шаңшаар (каньон). Нуктун сол жээгинде – тек­тиринин үстүндө чоң, орто, чакан айдоо аңыз­дары бар. Теректинин тектиринде палеоген нео­ген тектеринен тургузулган күмбөз турат. Неги­зинен интрузия ж-а палеозойдун аягында пай­да болгон чөкмө тоо тектерден түзүлгөн. Өрөөн­дүн аянтынын 72,4 км2ин мөңгү ээлейт. Өсүмдүк­төрү ж-а топурагы бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт. Таманын кургак талаа (2000 мге че­йин), андан жогору токой (карагат, карагай, арча ж. б.), шалбаалуу талаа (2000–2700 м бийикте), субальп (2700–2900 м), альп (2900–3200 м) шал­баасы, гляциалдык-нивалдык (3100 мден жого­ру) ландшафт алкактары ээлейт. Негизинен кышкы жайыт катары пайдаланылат. Экол. абалы таза.