КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК (саясий) – бир өлкөнүн экинчи өлкөгө, социалдык ин-ттарга баш ийбес­тиги, өз алдынчалыгы, эгемендүүлүгү. К. коом­дук саясат, бийлик, идеология, укук, мад-т, экономика, социалдык жактан эркин болууну камтыйт. К. абс. эмес, салыштырмалуу түшүнүк, демокр. (бүткүл элдик добуш берүү) же шайлоо аркылуу конституцияда бекитилет. К. ж-дөгү идея адегенде 15-к-да Батыш Европада пайда болуп, кийин ал мамл. ж-а эл аралык укуктук документтерде кеңири чагылдырылган. Анын эң башкысы 1966-ж. кабыл алынган жарандык ж-а саясий укуктар ж-дөгү эл аралык акт бо­луп саналат. Анда дүйнөдөгү ар бир улуттун эге­мендүү укугу көрсөтүлүп, элдин өз эрки м-н со­циалдык ж-а саясий түзүлүштү тандап алуу уку­гу бекемделген. КРдин К. к-дыкка ээ болуу про­цесси 1990-ж. 15-декабрда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү» декла­рациясын кабыл алышы м-н Кырг-н жалпы союздук органдардын контролунан бошоп, бар­дык бийликти өз колуна алган (к. Кыргыз Рес­публикасы). Т. Эсенгелдиев.