КӨЗДҮ АК БАСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЗДҮ АК БАСУУ , л е й к о м а – көздүн тунук чел кабыгынын чеч басып бозорушу. Чеч тунук бездин ортосун, чет жагын басат, кээде бүт кап­тап калат. Ал чел кабыктын сезгенүү оорула­рынан же кырсыктан жабыркашынан пайда бо­лот. Тубаса түрү да кездешет. Көз күйгөндө оду­ракай чеч басып, көздүн көрүүсүн абдан начар­латат. Ал эми көз кырсыктан майып болсо ж-а жарага айланып кетсе, көздүн өң берүүчү кат­мары бул чеч м-н биригип, жабыркашы мүмкүн. Бул учурда көз көрбөй ж-а көздүн ички басымы жогорулап, глаукомага алып келет. Дарылоо хирург. жол м-н жүргүзүлөт. Алдын алуу үчүн күйүк, кокустатуу ж. б-дан көздүн майып болуу­сунан сактануу керек.