КӨДӨӨ
КӨДӨӨ , а к к ы л к а н – дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүк уруусу. К-нүн 300дөй түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 60тай, а. и. Кырг-нда 21 түрү өсөт. Машакчасы жалгыз гүлдүү, машак түрпүлөрү ичке, сүйрү, узун кылкандуу; жалбырагы ичке К. кургак, кумдак, боздоң дөңдөрдө өсөт. К. – баалуу тоют, айрыкча эрте жаздагы жаш чөбү малга жагымдуу. Кырг-нда кеңири таралган түрү – лессинг К-сү. Анын гектарынан 10–15 ц чөп алынат. 100 кг көк чөбүндө 30,8 тоют бирдиги, 4,3 кг сиңимдүү протеин болот. 100 кг кылкандуу К-дө 29,3 тоют бирдиги, 1,1 кг сиңимдүү протеин бар.