«КӨГҮЛТҮР ЫСЫК-КӨЛ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КӨГҮЛТҮР ЫСЫК-КӨЛ» – Чолпон-Ата курорт­тук районунда жайгашкан, жыл бою иштөөчү эң ири санаторий. 1965-жылдан иштейт. Бишкек­тен 250, Балыкчыдан 80, Караколдон 145 км алыстыкта ж-а деңиз деңг. 1610 м бийиктикте жайгашкан. Чолпон-Ата курорттук районунда Ысык-Көлдүн башка жерлерине салыштырган­да күн радиациясы өтө күчтүү, абасы таза. Са­наторийде учуктан башка өпкө ооруларын, нерв системасынын функциялык бузулушун, кан тамыр, жүрөк ооруларынын кээ бир түрүн да­рылайт. Суу ж-а баткак м-н дарылоочу жайы, ванна, баткак берилүүчү кушетка, бассейн, кыч­кылтек м-н дарылочу бөлмө, ингаляторий, тиш кабинети ж. б. бар. Оорулууну дарылоодо электр тогу ж-а жарыгы, дарылоочу физ-ра, укалоо, климат кеңири пайдаланылат. Клиникалык, биохим. лабор. ж. б. иштейт. Алар учурдун та-


лабына шайкеш аппараттар м-н камсыз кылын­ган. Жайкы, кышкы клубу, көрүү залы, китеп­кана, атайын пляж ж-а кайык станциясы бар.
Көл суусу туздуу, темп-расы жайында 20–22°Сге жетет. Сууга түшүү сезону – июндан сентябрга чейин.