КӨГӨӨНДӨР
КӨГӨӨНДӨР (Tabanidae) – курт-кумурскалар классынын кош канаттуулар түркүмчөсүнүн тукуму. Жаныбардын канын соруп жашоого ыңгайлашкан. Көзү чоң, муруту үч бөлүктүү. Башы кыска, жазы. Канаты тунук, кээсиники боз тор сымал ж-а жол-жол күрөң түстө. Дене уз. 6– 30 ммге жетип, сырты кыска майда түктөр м-н капталган. Дүйнөдө 3 миңге жакын түрү белгилүү. Ал жайкы аптапта айбанаттарды, кишини чагат. Ургаачылары гана кан сорот, эркеги гүл чаңчалары м-н азыктанат. Көлмө жээгиндеги бадал, дарак жалбырагына, бутагына топ-топ кылып, чоңдугу 2 ммдей цилиндр түспөл топтошкон жумуртка таштайт. Андан личинка чыгат да, алар сууда же топуракта жашап, майда омурткасыздар м-н азыктанат. Кийинчерээк ал куурчакчага, 2–3 жумадан кийин имагого айланат. К. жайылган малды талап, кунарын кетирет. Кишинин ишке жөндөмдүүлүгүн азайтат ж-а жугуштуу ылаң козгогучта-

рын таратат. Аларга каршы күрөшүүдө көлмөлөрдү кургатуу, жаныбарга К-дү качыруучу дары (мис, креолиндин 5%түү эритмесин) сыйпоо керек.