КӨГӨН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨГӨН – козу-улак же кой-эчки тизилип бай­лануучу эшме аркан. Эки казыкка кере тарты­лып байлануучу аркан – к е ж и, бир (туюк) учу көзөнөктөлүп, экинчиси түйүлгөн эки кат эшме жип б у у р ч а к деп аталып, ага жандык­тар каршы-терши байланат. Бир К-дөгү буур­чактын саны 60–70ке чейин жеткен.