КӨГАРТ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨГАРТ ӨРӨӨНҮ Сузак районунун аймагында. Фергана тоо тизмегинин түн.-батыш капталы­нан Кара-Дарыя өрөөнүнө чейин 80 кмге созу­луп жатат. Туурасы 20 км. Таманынын абс. би­йикт. 700–2000 м. Жогорку тоолуу бөлүгү Фер­гана тоо тизмегинин негизги суу бөлгүчү ж-а анын айрыктары м-н чектелген бир нече өрөөн, капчыгайларга (Жошо, Орток, Кара-Алма, Үрүм­башы, Кызыл-Суу ж. б.) бөлүнүп кетет. Төмөнкү түзөң бөлүгү (уз. 55 км) жайык (таманынын туурасы 6–8 км). Жалпы эңкейиштиги 5°–1°.


Көгарт суусу.

Түш.-чыгыш тарабынан Серүүн-Дөбө, Айып-Тоо (бийикт. 1300–2400 м), түн.-батышынан Чаң­гыр-Таш (1300–1800 м) тоолору м-н чектешет.
Тектон. жактан К. ө. – аллювий чөкмө тектери толгон кеңдик б-ча жаткан синклиналь. Чөкмө­лөрдүн эң калың катмары Жалал-Абад ш-на жакын жатат. Адырлар негизинен неоген мез­гилинин конгломерат, мергелдүү чопо, тоолуу бөлүгү юранын чополуу сланец тектеринен ту­рат. Айрым жеринде (Серүүн-Дөбө) палеозойдун акиташ, сланец тектери кездешет. Климаты мелүүн континенттик, тоо тарабында мелүү­нүрөөк. Түздүгүндө январдын орт. темп-расы – 4,3°С, июлдуку 25°С. Абс. макс. 41,1°С; абс. мин. –28°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 468– 900 мм. Сууларынын ириси – Көгарт суусу (орт. чыгымы 18,3 м3/сек). Жарым чөл ж-а кургак талаа (700–1000 м бийикте, боз топурактуу ке­лип, ак шыбак, эбелек, камгак ж. б. өсүмдүктөр өсөт), талаа (1000–1400 м; бозомук күрөң топу­рактуу, бадалдар, буудайык, кызыл от ж. б.), жаңгак-жемиштүү токой (1400–2400 м күрөң ж-а кара күрөң топурактуу), шалбаалуу талаа, субальп ж-а альп шалбаа ландшафттары мүнөз­дүү. Бийик бөлүгү аска-зоокалуу, шагыл таш­туу. Өрөөндө Жалал-Абад ш., Сузак, Бек-Абад, Октябрь, Жийде ж. б. кыш. жайгашкан.


Ад.: Ракитников А. Н. Сельскохозяйственные зоны Восточной Ферганы // Уч. зап. МГУ, 1939, вып. XXI; Рахманов Р. О. Зональности рельефа и рельефооб­разующих процесс ов на ю го-з ападном склоне Ферганского хребта // Изв. АН Кирг. ССР, ¹ 5, Ф., 1973; Атлас Киргизской ССР. М., 1987; Кыргыз жер­геси. Ф., 1990.