КӨГАРТ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨГАРТ АШУУСУ Фергана тоо тизмегинде. Көгарт суусунун башынан орун алган. Бийикт. 3319 м. Ашуунун бели түзөң, түн.-чыгыш кап­талы тигирээк, түш.-батышы бир аз жанта­йыңкы. Негизинен силур м-н девондун мрамор, сланец, акиташ тектеринен турат. Кышында калың кар жатат. Июнь–сентябрь айларында ачык. Сузак ж-а Тогуз-Торо райондорун байланыш­тырган автомобиль жолу өтөт.