КӨБҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨБҮҮ – айлана-чөйрөдөн суюктукту же бууну сиңирип алуудан катуу заттардын көлөмүнүн же массасынын чоңоюшу. К. чектүү ж-а чексиз бо­луп бөлүнөт. Биринчисинде белгилүү көлөмгө жеткенде, К. токтолот ж-а көбүүчү өз келбетин сактайт, мис., гель сымал ион алмашуучу ча­йырлар сууда, жумшартылган каучук бензолдо чектүү көбөт. Экинчи учурда полимер м-н суюк­туктун өз ара диффузиясынын натыйжасында фаза аралык чек жоюлуп, К. полимердин то­лук эрип кетүүсү м-н аяктайт. Кээде чектүү темп­ранын жогорулашы м-н чексиз К-гө өтөт. К. тех­никада, турмуш-тиричиликте кенен колдону­лат.