КӨБӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨБӨӨ – кийим (ичик, кементай, тон, чепкен, тери шым, белдемчи ж. б.), баш кийим (кал­пак, шөкүлө ж. б.), бут кийим ж-а үй буюмда­рынын (күзгү кап, аяк кап, баштык, төшөк, көлдөлөң ж. б.) айрым бөлүктөрүнүн (жака, этек, жең, багалеги, кырбуу, конч ж. б.) жээги­не карматылган кыюу. К. катары кездеме, киш, көрпө, кийиз, таар пайдаланылган. Жасалган буюмга ылайыкталып, айрым К-лөр саймала­нат. Көрпө, териден жасалган буюмдар кездеме м-н К-лөнөт. Эл арасында: «Көбөө келсе көй­көлөт, жака келсе жайкалат» деген макал ошон­дон улам айтылса керек.