КӨБӨЙҮҮ
КӨБӨЙҮҮ – организмдердин өзүнө окшош муундарды жаратып, белгилер м-н касиеттердин укумдан тукумга берилишин, тиричиликтин үзгүлтүксүз уланышын камсыз кылуучу касиети. К-нүн негизги үч түрү (жыныссыз, жыныстык ж-а вегетациялык) бар. Ж ы н ы с с ы з К. татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө споралардын жардамы м-н, жөнөкөйлөрдө жыныстык жактан жетилбеген клеткалардын ортосунан бөлүнүшү м-н өөрчүйт. В е г е т а ц и я л ы к К-дө жаңы организм дененин көп клеткалардан турган бөлүгүнөн калыптанат. Ага көбүнчө көп клеткалуу организмдин, өзгөчө өсүмдүктүн К-сү кирет. Ж ы н ы с т ы к К-дө көп клеткалуу организмдер мейоздук бөлүнүүнүн натыйжасында жыныстык клеткалар – гаметалар пайда болот да, алар кошулуп (уруктанып), зиготаны пайда кылат. Зигота өөрчүп, жаңы организмге айланат. Уруктанууда гаплоиддүү гаметалардын хромосомалары кошулуп, диплоиддүү клеткага
a
айланып, тукум куугуч белгилер берилет. Уруктануунун 3 түрү (изогамия, анизогамия же гете-
рогамия ж-а оогамия) белгилүү. Изогамияда
көлөмү, сырткы көрүнүшү б-ча бири биринен
айырмаланбаган 2 гамета кошулат. Анизогамияда кошулган гаметалардын экөө тең кыймылдуу, бирок энелик гамета аталыкка караганда
чоң болот. Оогамияда кыймылсыз энелик клетка м-н кыймылдуу, майда аталык гаметалар –
сперматозоиддер кошулат. К. организмдердин жашоосунда бир гана же көп жолу болушу мүмкүн. Бөлүнүү жолу м-н К-чү бир клеткалуу организмдер, бир, эки жылдык гүлдүү өсүмдүктөр – монокарптар, кээ бир балыктар өмүрүндө бир гана жолу көбөйүп, тукум берет. Ал эми башка организмдер, мис., жаныбарлар, көп
жылдык өсүмдүктөр – поликарптарда К. көп
жолу кайталанат. К-нүн жүрүшүнө чөйрө факторлору – темп-ра, азык заттар, жарык чоң таасир тийгизет. К-дөн пайда болгон тукумдун саны түрдүүчө, мис., пил 3–4 жылда бирди тууса, треска балыгы бир өрдөө маалында 10 млн, айрым балыктар 300 млнго жакын урук таштайт. Та-
таал түзүлүштүү жаныбардын ж-а адамдын К-сүн нерв системасы жөнгө салат, к. Жыныссыз көбөйүү, Вегетациялык көбөйүү.