КОЭФФИЦИЕНТ
КОЭФФИЦИЕ́НТ [лат. со (сum) – биргелешип ж-а efficiens – иштеп чыгаруу] – белгисиз же өзгөрмө чоңдуктарды камтыган тамгалуу туюнтманын белгилүү туруктуу көбөйтүүчү саны. 1 1 3 3 2 Мис., 4 а b бир мүчөдө К. ; х +3px+q=0 4 теңдемесинде х2тын К-и 1; хтин К-и 3p; айлананын уз. табуу формуласы С=2prде К. 2 болот. Формулалардагы көпчүлүк К-тер физ. закондорду туюндуруучу өзгөчө аталышка ээ: мис., сүрүлүү К-и, беттик тартылуу К-и ж. б. Ал эми математикада: бир мүчөнүн К-и, бурчтук К., окшоштук К., бином К-и, пропорциялаштык К-и ж. б.