КОШ УРУКТАНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ УРУКТАНУУ – гүлдүү өсүмдүктөргө гана таандык жыныс процессинин бир түрү. Мында өсүмдүктөрдүн түйүлдүк кабындагы энелик клетка м-н борб. ядро бир мезгилде уруктанат. 1898-ж. орус илимпозу Г. С. Навашин ачкан. Урук пайда болушу үчүн гүлдүү өсүмдүктөрдө К. у. жүрөт. Чаңча түтүкчөсүндөгү эки спермий­дин бири энелик клетканы, экинчиси түйүлдүк кабынын борб. ядросун уруктандырат. Уруктан­ган энелик клеткадан – түйүлдүк, ал эми борб. ядродон азык тканы – эндосперм калыптанат.
Уруктанууга катышкан клеткалардын ядроло­ру интерфаза абалында болот. К. у. урук бүчүр­дүн, уруктун калыптануусун тездетет, о. эле өсүм­дүктүн тукум куума касиети жакшырып, тири­чиликке, чөйрөгө ылайыкташуусу жогорулайт.