КОШОЙ-КОРГОН КӨРҮСТӨНҮ
КОШОЙ-КОРГОН КӨРҮСТӨНҮ – 6–10-к-га таандык археол. эстелик. Кара-Коюн суусунун сол өйүзүндөгү жайылма тектирде жайгашкан 14

дөбө мүрзөдөн турат. Ушул эле жердеги алгачкы мусулман көрүстөндөрүн археолог К. Табалдиев 1989-ж. изилдеген. Алардын ар биринин жер алдында сөөк көмө турган жайы ар башка ж-а бир канча кишинин сөөгүн бир казанбакка жайгаштырылган өзгөчөлүгү м-н айырмаланган.
КОШОЙ-КОРГОН ШААР КАЛДЫГЫ – 9–12-кга таандык шаар калдыгы. Ат-Башы өрөөнүндөгү Кара-Суу айылынын түш.-чыгышында Кара-Коюн суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Жерг. элдин айтымында, бул эстелик «Манас» эпосундагы Кошой баатырдын коргону болгон. Айрым изилдөөчүлөр байыркы Атбаш ш-нын калдыгы деп эсептешет. Эстелик тик бурчтуу түзүлүштөгү чептен туруп, дубал м-н курчалган. Дубалдын каптал жактары түш., түн., чыгыш, батыш багытына дал келип, ылай сокмодон ж-а бышырылган кыштан тургузулган, бийикт.

4–8 м, кароол мунаралар орнотулган. Дубал айланта жазылыгы 11–14 м, тереңдиги 3 м келген аңдар м-н курчалып, коргондун чыгыш ж-а түш. тарабы 1500 м узундуктагы кошумча дубал тосмолор м-н бекемделген. Турак жай ж-а чарбалык мүнөздөгү кол өнөрчүлөрдүн устаканаларынан, бөлмөлөрдөн жез эритүүчү мештер, көөрүк, карапа идиш-аяктар, тыйын, жаргылчак, жаа-жебе, бычак, шурулар, кемер курдун тоголору, чоподон жасалган ар кандай буюмтайымдар табылган. Шаар калдыгы Ч. Валихановдун, В. В. Бартольддун эмгектеринде эскерилет. А. Н. Бернштам, М. И. Москалёв ж-а М. Н. Фёдоров изилдеген. 2007-ж. Түш.-чыгыш капталына музей ачылган.