«КОШОЙ»
«КОШОЙ» – ачык акционердик коом (1992).
Кант кызылчасын өстүрүүнүн көбөйүшү м-н Ново-Троицк кант з-дун куруу долбоору 1936-ж. СССРдин Тамак-аш өнөр жайы к-ти тарабынан каралган. 1943-ж. кант з-дунун курулушу бүткөрүлүп, кант кызылчасын кабыл алып, алгачкы кант чыгарылган. З-ддун баштапкы кубаттуулугу суткасына 15000 ц кант кызылчасын кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү болгон. З-дду өндүрүш технологиясынын бардык талаптарына жооп берүүчү ж-а адам эмгегин жеңилдетүүчү жабдуулар м-н жабдуунун натыйжасында ишкананын кубаттуулугу суткасына 32000 ц кызылчаны кайра иштетүүгө жетип, ал Кырайондагы эң ири кант з-дуна айланган. Ишкана 1979-ж. бал камышты кайра иштетүүнү баштап, респ-да кызылча өстүрүү токтогондугуна байланыштуу 1984-ж. толугу м-н бал камышты кайра иштетүүгө өткөн. Ишкананын негизги багыты – кумшекер өндүрүү. 1983-ж. алкоголсуз суусундук чыгаруучу цех курулуп, ишке киргизилген. 2000-жылдан тартып коом кайрадан кант кызылчасынан кант ала баштаган. Реконструкциядан кийин кубаттуулугу суткасына 3000 т кызылчаны кайра иштетүүгө жеткен. Эл аралык «Кыргызстан-2004» көргөзмө-ярмаркасынын Алтын медалы м-н сыйланган.