КОШМОК СӨЗДӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШМОК СӨЗДӨР – эки же андан ашык сөз­дөн түзүлүп, бир гана аталышты билдирген та­таал сөздөр. К. с-дүн ар бир курамдык бөлүгү арасына белги коюлбастан, бөлөк жазылат. Мис., бала бакча, таш бака, темир жол, жол башчы, кара жыгач, басма сөз, боз үй ж. б. Ал

эми геогр. энчилүү аттардан түзүлгөн К. с. арасы­на дефис коюлуп, ар бир сөз баш тамга м-н жа­зылат. Мис., Тянь-Шань, Жалал-Абад, Майлы- Сай, Базар-Коргон, Көк-Ой­рок, Чолпон-Ата ж. б.