КОШ-ДӨБӨ 2
КОШ-ДӨБӨ – Чүй обл-нун Москва районундагы кыштак. Беловодский айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 700 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Беловодский кыш-нан 3 км түн. тарапта. Беловодский т. ж. бекетинен 6 км. Калкы 1394 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, дарыкана бар.