КУТТУБАЕВ Аманкул

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:42, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУТТУБАЕВ Аманкул (20. 5. 1907, азыркы Чүй облусу, Сокулук району, Белек айылы – 18. 6. 1984, Фрунзе шаары (азыркы Бишкеке)) – режиссёр, актёр, Кыргыз ССР эл артисти (1946), Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1970). Москвадагы Луначарский атындагы театр

институтунун режиссёрдук факультетинде окуган (1935–1941). Чыгармачылык жолун 1926-жылы Бишкек шаарында ачылган музыкалык драма студиясынан баштаган. Алымкулдун (1927, Н. Еленин, «Козголоң» «Кожо Насирдин»), Карабайдын (1929, Фурманов, Поливанов) жана башка ролдорду аткарган. 1930-жылы К. Жантөшевдин «Алым менен Мария» драмасын коюп, кыргыз театр өнөрүнүн тарыхында туңгуч режиссёр катары таанылган. Куттубаев 1930-жылы ачылган Кыргыз мамлекеттик драма театрынын режиссёру, 1931-жылдан башкы режиссёру болуп иштеген. Т. Байжиевдин «Кырманда» (1931), Р. Шүкүрбековдун «Бейит арасын­да» (1934), өзүнүн «Колхоз душмандары» (1938), «Жаңыл» (К. Маликов менен бирге) драмаларын койгон. Куттубаевдин режиссёрдук дараметин тааныткан Ж. Турусбековдун «Ажал ордуна» (1934) музыкалык драмасы болгон. 1939-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында көркөм жетекчи, башкы режиссёр, 1952–1963-жылдары анын директору жана режиссёру болгон. «Майсарынын жорукта­ры» (С. Юдаков), «Кармен» (Ж. Бизе), «Патриоттор», «Манас» (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере), «Көкүл» (М. Раухвергер), «Айдар жана Айша» (А. Аманбаев, С. Германов), «Токтогул» (А. Веприк) операларын, «Ким кантти» (М. Абд­раев, А. Аманбаев, А. Малдыбаев, А. Түлөев)

Шермат – А. Куттубаев, Дүрия – Д. Күйүкова. Т. Абдумомунов. «Жыгылган оогонго күлөт» спектаклинен көрүнүш. 1969.

музыкалык комедиясын, «Биз баягы эмеспиз» (К. Маликов, А. Куттубаев) драмасын койгон. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Ад.: Күмүшалиев К. А. Куттубаев. Ф., 1958.