КЫРГЫЗ БАЛДАР ФОЛЬКЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:48, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ БАЛДАР ФОЛЬКЛОРУ . Балдар чыгармаларынын репертуары өтө бай, көп түрдүү. Балдар фольклорун салттуу фольклордон ажыратып кароо кыйын. Ар бир жанр балдардын табиятына жараша өзгөрүүгө дуушар болгон.
Чоңдордун чыгармалары балдар тарабынан кайра айтылып, кээ бир жанрлар чыгармачылык менен кайра иштелип, балдардын репертуарларына өтүп, б. а. көркөм поэтикалык булактар чоңдордун чөйрөсүнөн балдардын чөйрөсүнө көчүп, «балдар фольклору» деген түшүнүктүн, терминдин, ил. проблеманын пайда болушун шарттаган.
Бул – көп убакытты, татаал диалектиканы, кайрадан маани берүүнү, түшүнүүнү талап кылган процесс. Мис., эпостордо кезиккен сыйкырдуу бойго бүтүү, баласыз атанын балалуу болушу туурасындагы сюжет, мотив балдар жомокторунан орун алган. Балдар фольклору кыргыз оозеки чыг-лыгынан алган орду, генетикалык өсүп-өнүгүү жолу, жанрдык курамы бар, өзүнө мүнөздүү касиет-сапатка ээ. К. б. ф. тарыхый­генетикалык, поэтикалык чыгарманын жанр­дык курамын, поэтикасын, генезисин, өнүгүү шарттарын изилдөө максатында балдар фольк­лорун классификациялоо иши жүргөн. Кыргыз балдар фольклорун изилдөө тарыхына көңүл бу­руп, фольклористика илиминин бай тажрый­басын, методол. принциптерин эске алуу м-н тарыхый-генетикалык, жаш өзгөчөлүк ж-а ат­карган кызматы б-ча төмөнкүдөй классификацияланат: 1) жаш балдарга арналган поэтика­лык чыгармалар; 2) чоңдор тарабынан жаралып, балдардын чыгармасына айланган чыгармалар; 3) балдар оюндары. Бул үч чоң топтун биринчи тобуна балдар ырлары кирет. Балдар ырлары жаш өзгөчөлүгүнө, аткарган кызматына, маа­нисине карай экиге бөлүнөт. Наристе бөбөктөргө арналган ырлар, буга 1) алкыш, бата (жаңы төрөлгөн наристеге багышталган); 2) бешик ыры; 3) эркелетүү, сооротуу, оюн ырлары; 4) балдар­дын жаман жоруктарын жоюу максатында айтылган чымчыкейлер. Т е с т и е р б а л­д а р д ы н ы р л а р ы н а 1) акыйнек айты­шуу; 2) жаныбарларга, жаратылыш кубулуш­тарына, жыл мезгилдерине карата чыгарылган (календарлык) ж-а балдардын тилегин, учкул кыялын чагылдырган ырлар; 3) Улуу Ата Мекен­дик согуш мезгилиндеги балдар ырлары; 4) боз балдардын ашыктык ырлары кирет. Экинчи топко 1) жомоктор; 2) эпикалык чыгармалар; 3) калптар; 4) макал-лакаптар. Үчүнчү топтогу балдар оюндары экиге бөлүнөт: 1) сөз м-н кош­толуучу оюндарга табышмак, жаңылмач, оюн ырлары; 2) кыймылдуу оюндарга балдардын дене боюн өстүрүүчү, калыптандыруучу, ден соолугун чыңдоочу оюндар кирет. К. б. ф-нун жанрдык курамын поэтикасын, генезисин, өнүгүү шарттарын М. Түлөгабылов, М. Сулайманов, Г. Орозова, А. Саттарова ж. б. изилдеген.

Г. Орозова.