КУР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:57, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУР –бел байлоочу курчоолордун жалпы аты. Кур булгаары, кайыш, кездеме жана сызмадан жасалат. Анын бир нече түрү бар. Таптык коом­до курду социалдык абалына, курагына жараша курчанышкан. Дөөлөттүү, мансаптуу адамдар к е м е р курду пайдаланышкан. Ал булгаарыдан жасалып, жазы тилинген бетине түрдүү темир чабылган. Тогоосу жазы келип, ичинен темир илгич менен курчалган. Түшүрүлгөн шөкөттөрдү сынпоздоо үчүн жамбы күмүш жалатылып, оймо-чийме менен кооздолгон. К е з д е м е кур жибек, шайы, чыт, сатин сыяктуу кездемеден 1,5–2 м узундукта жасалган. Мындай курду көбүнчө карылар курчанган. Төөнүн же койдун уяң жүнүнөн жана эчки тыбытынан согулган с о к м о курдун ар кыл түстүүсүн жана жол-жолу барын балдар, аппагын же көгүн (жашылын) чоң кишилер, карасын жана бозун карыялар, ал эми ж о о л у к курду балдар жана жигиттер, ка­йыш, сызма, жип курду букаралар курчанган.