КУЙМАК
КУЙМАК – майга бышырылган нандын бир түрү; Куймак кыргыздын эски, чүйгүн тамактарынын бири. Анын камыры суйдаң жуурулуп, ачытылат да, сары майга гана бышырылат. Куймактын камырынын жуурулушуна жана жасалышына жараша бир нече түрү бар. Камырына жумуртка кошулуп, сүткө суюк жуурулуп, сары майга куюлса кор куймак, камыры жумшак жуурулуп, колго созулуп бышырылганы созмо куймак, камыры катуу жуурулуп, колго чоюлуп, ичкелиги сөөмөйдөй болгондо, бурап-бурап бышырса бурама куймак, сүт, жумуртка, пияз кошулуп, ун чалынган, ачыбаган суюк камырды сары майга куюп, бышырса чалмакей куйма деп аталат.
Ад. Бөрүбаев Т. Кыргыз тамак-ашы. Ф., 1976.