КИЕВ-ПЕЧЁРА ЛАВРАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:11, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́ЕВ-ПЕЧЁРА ЛАВРАСЫ – Рустагы эң байыр­кы монастырь, Киевде. Эркектер монастыры ка­тары 1051-жылы негизделген. Киев-Печёра лаврасы XI кылымдын ая­гынан чиркөө жана маданияттын ири борбору болуу менен бирге саясий таасирге ээ болгон. 1240-жылы мо­настырь татар-моңгол жортуулунда кыйроого учураган. 1598-жылдан лавра деп аталган. 1926-жылдан тарыхый-маданий музей-корук, 1988-жылдан кайрадан монастырь. Киев-Печёра лаврасынын архитектуралык комплексине Жогорку лавра менен Алыс­кы жана Жакынкы үңкүрлөр кирет. Алар XI–XVIII кылымдарда курулган. Бул жасалма үңкүрлөрдө байыр­кы учурда монахтар жашаган жай жана храм – кийин XVI кылымга чейин көрүстөн, XI–XVI кылымдарда мо­настырь диний жана маданий борбор болгон:

Киев-Печёра лаврасы. Успенье собору (XI–XVIII кылымдар); 1998–2000-жылдары калыбына келтирилген.

жыл баян жазылган, икона тартуучу өнөркана, бас­макана, мектеп иштеген. Байыркы курулушта­ры: Успенье собору (XI–XVIII кылымдар. 1941-жылы талкалан­ган, 1998–2000-жылдары калыбына келтирилген) – Троица чиркөөсү (1108-жыл, XVIII кылымда кайра курул­ган) – украин бароккосунун стилинде салынган таш дубалдар (1670–1702), чиркөөлөр (1696–1698) жана бир катар имараттар бар. Төмөнкү лаврада Киев жана бүткүл Украина митрополитинин ре­зиденциясы, диний академия, семинария жай­гашкан. Жогорку лаврада музейлер, тарыхый китепкана жана башка маданий мекемелер бар. Киев-Печёра лаврасы София собору ансамбли, Спас Преображение чиркөөсү менен бирге Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.