КОРНЕЛЬ
КОРНЕ́ЛЬ Пьер (6. 6. 1606, Руан – 1. 10. 1684, Париж) – француз драматургу. Чыгармачылыгын акы катары баштаган. Алгачкы ырлар жыйнагы «Поэтикалык аралашма» деген ат менен 1632-ж. жарык көргөн. «Сид» (1637) комедиясы – классикалык театрдын алгачкы жогорку үлгүсү. Корнель «Гораций» (1640), «Цинна» (1640–1641), «Полиевкт» (1641–1642) жана башка трагедиялардын, зулумдукту ашкерелеген «Сурена» (1675) пьесасынын автору. Корнель – Жаңы мезгилдеги европа театрынын түзүүчүсү, француз театрынын «атасы», классицизмдин эң ири драматургу.
Ад.: Большаков В. П. Корнель. Жизненный и творческий путь. М., 2001.