КОРЕЯ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:36, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРЕ́Я (корейче Чосон) – Чыгыш Азиядагы 1948-ж. чейин өкүм сүргөн. мамлекет. Корея ж. а-нда, ага туташ материк бөлүгүндө жакын­кы аралдарда жайгашкан.

Тарыхы

. Пхеньян ш-на жакын аймактардан табылган Комынмору, Кымпхари тургун жай­лары, Тэхёндон үңкүрү ж. б. Корея ж. а-нда па­леолит доорунда эле адам жашагандыгын да­лилдейт. Б. з. ч. 1-к-да К. аймагында уруу союз­дары түзүлүп, анын негизинде феод. мамле­кеттер – Когурё, Пэкче ж-а Силла (б. з. 1–7-к.) пайда болгон. 6-к-дын ортосунда Корей ж. а-на үстөмдүк кылуу үчүн бул мамлекеттердин орто­сунда күрөш башталган. Силланын башкаруу­чулары Кытайдын Тан империясы м-н келишим түзүп, 660-ж. Пэкчени, 668-ж. Когурёни карат­кан. Бириккен Силла Кытай м-н саясий, экон. ж-а маданий жактан тыгыз байланышта болуп, башкаруу ж-а жер иштетүү системасы кытай үлгүсүндө уюшулган. 8–9-к-да конфуцийлик билим берүү системасы ишке ашып, корей эл­дик тили ж-а мад-ты калыптана баштаган. 9– 10-к-да Бириккен Силла мамлекетинде быты­рандылык башталып, анын аймагында Тхэбон (901), Корё, Хупэкче (900) ж. б. мамлекеттер негизделген. 936-ж. Корё башкаруучусу Ван Гон өлкөнү кайрадан бириктирген. 993, 1010–11, 1018–19-ж. Корёго жасаган кидандардын ты­нымсыз жортуулдарынын мизи майтарылган.
Өлкөдө кол өнөрчүлүк, соода өнүгүп, монета чыгарылган. 992-ж. конфуцийлик жогорку мек­теп ачылган. 12-к-дын 1-жарымынан Корё на­чарлай баштаган. 1170-ж. аскер төңкөрүшүнөн кийин бийлик (1270-жылга чейин) аскер төрө­лөрүнүн колуна өткөн. 1231–59-ж. Корёну моң­голдордун Юань династиясы караткан. 1356-ж. ван Конмин моңголдорду өлкөдөн кууп чыккан, бирок алар узак убакыт Корёго таасир тийги­зип турган. 1392-ж. кытайлардын колдоосуна ээ болгон аскер башчысы Ли Сон Ге жаңы Ли династиясын негиздеп, ал башкарган мамлекет Чосон («Таңкы серүүн өлкө») деп аталган. Бор­бору Хансон ш-на (азыркы Сеул ш.) көчүрүлгөн. 15-к-дын 1-жарымында Улуу Сежон башкарган мезгилде мамлекет гүлдөп, корей фонет. алфа­вити чоным (окумуштуулар Чон Нин Джи ж-а Сон Сам Мун) түзүлүп, китеп чыгаруу өнүккөн. 16-к-дын башында чосон ак сөөктөрүнүн бий­лик үчүн өз ара күрөшү курчуп, 1580-ж. өкмөткө каршы бир нече топ түзүлгөн. Имчжин согушу (1592–98) да борб. бийликтин кризисин күчөт­көн. Корей эли боштондук согушка көтөрүлүп, япон баскынчыларын талкалаган. 1627- ж-а 1636-жылдарда маньчжурлар К-га кол салып, 1637-ж. Цинь династиясынын вассалына айлан­дырган. 18-к-дын 2-жарымында К-нын экон. өнүгүшү токтогон. Жерлер ак сөөктөрдүн колу­на өтүп, эзүү күчөгөн, дыйкандардын социал­дык абалы начарлаган, 1811–12-ж. Пхёнан про­винциясында, 1813-, 1815-, 1833-ж. Сеулда дый­кандардын көтөрүлүштөрү чыккан. 19-к-дын ортосунан К-га чет мамлекеттер кы­зыга баштаган. К. 1876-ж. Япония, 1882-ж. АКШ, 1883-ж. Улуу Британия ж-а Германия, 1884-ж. Италия ж-а Россия, 1886-ж. Франция м-н басмырлаган тең укуксуз келишимдерине кол койгон. Натыйжада эл массасынын чет эл­диктерге ж-а өкмөткө каршы нааразылыгы күчөп, 1882-ж. 23-июлда Сеулда ири көтөрүлүш чыккан. Кытайлар ушундай абалдан пайдала­нып, өлкөнүн ички иштерине кийлигишип, өз бийлигин орноткон. Кытайлардын зомбулугу­на нааразы болгон Ким Ок Кюн баштаган топ япондордун колдоосуна таянып, 1884-ж. декабр­да мамл. төңкөрүш жасаган. Бирок эки күндөн кийин, бийликти кайра кытайлар тартып ал­ган. 1885-ж. апрелде Кытай м-н Япония Тяньц­зинь келишимине кол коюшуп, К. аймагынан япон ж-а кытай аскерлери чыгарылган. 1890- жылдары өлкөнүн экономикасында чет элдик­тер, биринчи иретте япон соодагерлери ж-а иш­керлер маанилүү роль ойногон. Чет элдик соо­дагерлер корей базарын өздөрүнүн товарлары м-н толтуруп, өлкөдөн а. ч. азыктарын (күрүч, буурчак), о. эле алтын, күмүштөрдү ташып ке­тип турушкан. 1893–94-ж. чет элдик зомбулук­ка ж-а өкмөткө каршы дыйкандардын көтө­рүлүшү чыккан. 1894-ж. июнда Корей өкмөтү көтөрүлүштү басыш үчүн Кытайдан жардам су­раган. Япония Кытай бийлигин Тяньцзинь ке­лишимин бузду деп күнөөлөп, 1894-ж. 25-июл­да Асан аймагында кытай аскер кемелерине кол салган. 1894–95-ж. Кытай-япон согушу Симо­носеки келишимине (1895) кол коюу м-н аяк­тап, Кытай К-нын үстүнөн болгон сюзерендик­тен баш тартып, Японияга Ляодун ж. а-н бер­ген. Орус-япон согушунун (1904–05) убагында Япония К-ны караткан. 1905-ж. 17-ноябрдагы протекторат ж-дөгү ке­лишимге ылайык К. Японияга толук көз ка­ранды болуп, башка мамлекеттер м-н өз алдын­ча алака жүргүзүү укугунан айрылган. Өкмөт япон генералдык резиденти – Ито Хиробуми­нин көзөмөлүнө өткөн. Протекторат режимине каршы корей элинин куралдуу күрөшү күчөгөн, бирок алардын негизги күчтөрү Япония бийли­гинен талкаланган. 1910-ж. 22-августта К. им­ператорунун тактан кетиши япон императору­нун пайдасына чечилген. К. Япония империя­сынын курамына кирген. Өлкөдөгү мыйзам чы­гаруу, аткаруу ж-а сот бийлиги, о. эле К. армия­сы ж-а флоту генерал-губернатордун колуна өткөн. 1911–18-ж. япон бийлиги а. ч. тарма­гында бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, жер каттоо жүргүзгөн. Япония өкмөтү К-га аскер­дик-полициялык режим орноткон. Япон тили мамл. тилге айланып, саясий уюмдарга, ил., маданий ж-а спорт коомдоруна катышууга ко­рейлерге тыюу салынган. Япония үстөмдүгүнө каршы К-да улуттук-боштондук кыймыл күчөп, ар кандай саясий уюмдар түзүлүп, партизандык отряддар калыптанган. Россиядагы Октябрь рев-ясынын (1917) таасири астында К-да Япо­ния саясатына жооп катары Биринчи март эл­дик кыймылы кеңири жайылган. 1919-ж. 1- мартта Сеулда массалык демонстрациялар баш­талып, аларды япон полициясы күч м-н бас­кан. 1919-ж. апрелде Шанхайда жашаган ко­рей эмигранттарынын Корей улуттук конгресси деп аталган чогулушунда Корей Респ. (Тэхан мингук) жарыяланып, саясатчы Ли Сын Ман жетектеген «өкмөт» түзүлгөн. 1920-жылдары К-да алгачкы жумушчу ж-а профсоюз уюмда­ры пайда болуп, 1925-ж. Корея КП-сы түзүлгөн. Маньчжурия ж-а Кытай аймактарында парти­зандык отряддар (лидерлери Ким Ир Сен ж. б.) уюшулуп (кийин бул отряд Кытай Кызыл ар­миясынын 32-корпусуна айланган), Кытайдын элдик-рев-ячыл күчтөрү м-н бирге япон баскын­чыларына каршы күрөшүп, бир нече жолу же­ңиштерге жеткен. Берлин (Потсдам) конф-ясын­да (1945) союздаш мамлекеттер Япониянын ка­питуляциясын ж-а Корей мамлекетинин эгемен­дигинин калыбына келтирилишин талап кы­лышкан. Сов. ж-а амер. аскерлердин биргелеш­кен күчтөрү Корей ж. а-н бошотууга киришкен. 1945-ж. августта CCCРдин Тынч океан флоту м-н 25-армиянын 2-Ыраакы Чыгыш фронту­нун бириккен күчтөрү К. аймактарына кирген. АКШнын сунушу м-н Корей ж. а. 38-параллель б-ча түн. ж-а түш. зонага бөлүнгөн. Бирок К-нын түндүгүнө АКШ армиясы 1945-ж. 8-сентябрда согуш аракеттери токтогондо кире баштаган. 1945-ж. 8-октябрда Түн. К-нын 5 провинциясы­нын элдик к-ттеринин өкүлдөрү жолугуп, убак­тылуу башкаруу органы – 5 провинциянын адм. бюросун түзгөн. 1945-ж. 10-октябрда Түн. К. өкүл­дөрүнүн жыйынында Корея КПнин түн.-корей уюштуруу бюросу түзүлгөн. 1946-ж. августта КП Түндүктө Жаңы элдик партия (1946-ж. негиз­делген), түштүктө Элдик ж-а Жаңы элдик партия (1945-ж. негизделген) м-н биригип, Түн. К. Эмгек партиясы ж-а Түш. К. Эмгек партия­сы болуп түзүлгөн. 1946-ж. февралда элдик бий­ликтин жогорку органы – Түн. К. Убактылуу элдик к-ти түзүлгөн. 1945–48-ж. Түн. К-да жер реформасы жүргүзүлүп, транспорт, ө. ж., байла­ныш, банк, тышкы соода ж. б. улутташтырыл­ган. Түш. К-да амер. аскер администрациясы элдик к-ттердин ишмердигине ж-а реформалар­дын жүрүшүнө тоскоолдук кылып, консерватив­дик саясий күчтөр м-н кызматташкан. 1948-ж. 10-майда Түш. К-нын Улуттук чогулушуна шай­лоо өткөрүлүп, 15-августта Корея Респ. жарыя­ланып (к. Корея), борбору Сеул ш. болгон. Амер. аскер администрациясы К-дагы өзүнүн ыйгарым укугун Ли Сын Манга тапшырган. 1948-ж. 9- сентябрда Түн. К-да Ким Ир Сен жетектеген Корей Элдик Демокр. Респ. (КЭДР) түзүлгөн. Конституция б-ча КЭДРдин борбору Сеул эсеп­телген, бирок иш жүзүндө Пхеньян ш. борбор болуп калган.

Адабияты

. К. ад-ты б. з. башындагы байыр­кы корей фольклорунан башталат. 19-к-га че­йин расмий ханмун тилинде (кытай тилинин корейлешкен формасында) ж-а корей тилинде жаралган. Корей тилиндеги ад-ттын байыркы үлгүсү – чакан ырлар – хянга (7–11-к.). Бул мезгилдеги чыгармалардын көпчүлүгү сакталган эмес. Корей акындары ырларын кытай ыр тү­зүлүшүнүн эрежелерине ылайык жазышкан. Поэзияга Чхве Чхи Вон (9-к.) чоң салым кош­кон. Корё мамлекети мезгилинде кытай тилин­деги проза ж-а поэзия биринчи планга чыккан. Ким Бу Сектин «Үч мамлекеттин тарыхый бая­ны» (1145) деген конфуцийчил хроникасы, пхэ­соль жанрында Ли Ин Нонун, Ли Гю Бонун ж-а Ли Же Хёндун лирикалары маанилүү роль ойногон. Чосон мезгилинде улуттук мад-тка басым жасалып, поэзия м-н проза улуттук тил­де өнүккөн. Поэзияда сижо (үч сап ырлар; Юн Сон До) ж-а каса (поэмалар Чон Чхол) жанрла­ры өнүккөн. 19-к-дын акыры – 20-к-дын башын­да кытай тилинен баш тарткан ж-а агартуучу­лук идеясын даңазалаган «жаңы адабият» пай­да болгон. Корей тилиндеги проза поэзиядан ки­йин пайда болгон (Ман Жундун романдары, 17-к.). 20-жылдары ад-ттын мааниси тууралуу талаш-тартыш келип чыккан: агартуучу, про­зачы Ли Гван Су ад-тты үгүт-насыят каражаты катары эсептесе, кыска аңгеменин чебери Ким Дон Ин ад-ты, «Таза искусство» деп түшүнгөн. Ад-тта ар кандай багыттар: модернизм (акын, жазуучу Ли Сандын чыгармалары) «жаңы ба­гыт мектеби» (Чхве Со Ханин аңгемелери, Ли Сан Хванын ырлары) пайда болгон. Пролетар жазуучулардын Корея ассоциациясы (Ли Ги Ен, Чо Мен Хи, Сон Енди, акындар Пак Се Ен, Пак Пхар Ян, Лим Хва ж. б.) түзүлгөн. К-нын 1948- жылдан кийинки ад-тын Корея Респ-сынын ж-а Корей элдик Демокр. Респ-нын ад-тын кара.

Архитектура жана сүрөт искусствосу

Биздин заманга чейинки I кылымдагы көрүстөндөрдө (дольмендер, үкөк форма­сындагы мүрзөлөр жана башкалар) металл шаймандар жана кооз чопо идиштер калган. Когурьё мамле­кетинин башкаруучулары менен ак сөөктөрдүн IV–VII кылымдардагы көрүстөндөрү көпчүлүгү байыркы бор­бор Куннэсондун жана V кылымдан кийин борбор болгон Пхеньяндын айланасында жайгашкан. Көрүстөндөр эки типке бөлүнөт: тепкич түрүндөгү таш пирамидалар жана имаратты көөмп тур­ган коргон дөбөлөр.

«Мергенчилик сценасы». Анак уездиндеги ¹ 3 күм­бөздөгү сүрөт. Когурьё мезгили.

Алардын дубалдары менен шыптары сүрөттөр менен кооздолгон. Кореянын VIII кылымда Силла мамлекетине биригиши анын мадания­тын жаңы бийиктикке көтөргөн. Шаарлар ку­рула баштаган. IV–VI кылымдарда Кореяда буддизмдин тара­лышы менен храм ансамблдери пайда болгон: VIII кылымда Кёнжуда Соккурам үңкүр храмы, Пульгукс комплекси (XIV кылымда кайра курулган), Таботхап

менен Соккатхап пагодалары менен курулган. VII–X кылымдардагы Корея айкелчилигинде Индия менен Кы­тайдын будда оюу-чийүүлөрү образдардын жан­дуулугу менен формалардын ийкемдүүлүгүн айкалыштырган

Коло күзгү «сымун­тён». Сунжон (Сеул) унмверситетинин коллек­циясы Биздин заманга чейинки III–I к.

(Будданын статуясы жана Кваным ботхисатванын горельефи – Соккурам храмы, VIII кылым).

Кёнжудагы көрүстөндөрдүн жанынан та­былган жоокерлердин, айбанаттардын жана башакалардын таш эстеликтери сомдолгон монументтүүлүгү менен айырмаланат. Бул мезгилдеги жасалга-колдон­мо өнөрүнө таш жана металл иштетүү, жибек то­куучулук, лак буюмдарын чыгаруу, бамбук бу­ласы менен чөптү эшүү жана башкалар мүнөздүү, Корё мам­лекетинин доорунда (918–1392) пагодалардын формасы татаалдап, ярустарынын саны көбөй­гөн (Кёнгидо провинциясындагы Хёнхвас хра­мынын 7 ярустуу пагодасы, XI кылым), салттык 4 кырдуу пагодалар менен катар 6–8 кырлуу куру­луштар (Канвондо провинциясындагы Вильжонс монастырынын 9 ярустуу октагондук пагодасы, XI–XII кылымдар) салынган. Стилдик жактан да көп түрдүү болгон.

Атчан жоокер кел­бетиндеги шарап куюлуучу идиш. Карапа. Корея улуттук музейи. V–VI кылымдар. Сеул.

Бул доордун архитектурасы жасалгага бай. Монумент айкели мыкты өнүгүп, тушь жана суу боёк живописи кеңири тараган. Таштан жана фарфордон, карападан идиш жасоо

өөрчүгөн. Сүрөт искусствосун өнүктүрүү XIV кылымда сарайда уюштурулган Тохвасо мекемеси олут­туу роль ойноп, живопись академиясынын кыз­матын аткарган. Чосон мамлекети мезгилинде көркөм мад-тка неоконфуцийчилик зор таасир тийгизген. Буддисттик храмдар алыскы тоолуу райондордо курулган. Сакталып калган храм­дардын көбү Чосон мезгилинин экинчи жарымында тургузулган.

Син Юн Бок. «Кайыктагы концерт». Тушь, суу боёктор. XVIII кылымдын аягы. Кансон искусство музейи. Сеул.

Падыша сарайларын куруу­да бай жасалга менен зор салтанаттуулук айка­лыштырылып (Кёнбоккун ак сарай комплек­си,1395, 1592-жылы өрттөлүп, XIX кылымдын 2-жарымын­да калыбына келтирилген; Чхандоккун комп­лекси, 1405–1412, 1592-жылы бузулган, 1607–1610-жылдары калыбына келтирилген), ландшафт компози­циялуу бак-парктарды түзүүгө көп көңүл бөлүн­гөн (Чхандоккун комплексиндеги Сырдуу бак).

Чосон мезгилиндеги Корея живописинин тарыхын 3 мезгилге – эрте (1392–1550), ортонку (1550– 1700) жана соңку (экиге бөлүнөт), 1700–1850, 1850–1910) чосон мезгилдерине бөлүп карашат.
Эрте мезгилде Го Си, Ми Фу жана уулу Ми Южен, Ан Гён, Кан Хи Ан ж. б. белгилүү болсо, ортон­ку мезгилдин ири чеберлери

Сеулдагы Чхандоккун ак сарайы. 1405–1412-жылдары курул­ган, 1592-жылы бузулуп, 1607–1610-жылы калыбына келти­рилген.

Ли Жин, Ким Мён­чук жана башкалар болгон. «Гүл-чымчык» (хваджохва) жанрында көп сүрөтчүлөр ийгиликтүү иштеш­кен. XVIII кылымда өнүккөн пейзаж живописи – чин­гён сансухва багытында (чыныгы көрүнүштөгү пейзаж) Чон Сен, Ким Ын Хван, Ким Хон До жана башкалар иштеген. Соңку мезгилдин аягында Ким Чон Хи, Хо Рён, Тен Сын Обо заманбап живо­пистин пайда болушуна негиз түзүшкөн.

Жа­салга-колдонмо өнөрүндө мурункудай эле кара­панын ролу зор болгон. Негизи бардык эле сүрөтчүлөр «гүл-чымчык» жанрында иштешкен. XIX кылымдын аягында май боёк живописи техника­сы менен иштеген алгачкы сүрөтчү Токиодогу көркөм искусство окуу жайын бүтүргөн Ко Хи Дон болгон. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында Ко­рея искусствосуна Батыштын көркөм салттары кире баштап, европ. стилдеги имараттар курулган.

Музыкасы

Корея улуттук музыкасы IV кылымдан ка­лыптана баштаган. Көп аспаптарды (комунго жана башкалар) жасаган Ван Санака (VI кылым), ырчы жана 200дөй композициянын автору, каягым аспа­бын кураган Урыктын (VI кылымдын аягы) чыгармачылыгы ал кез үчүн маанилүү болгон. XIV–XVI кылымдарда бор­бордо чоң оркестр, хор оюн көрсөтүп, көрүнүктүү музыканттар иштеген. Корея музыкасынын өнүгү­шүнө Пак Ен (XV кылым) көп салым кошкон. Ал туңгуч музыкалык окуу жайын негиздеп, байыркы ас­паптарды классификациялап, өзү да элдик му­зыканын чебер аткаруучусу болгон. 1432-жылы нота жазуунун өзүнчө системасы түзүлгөндүктөн, эски обондор сакталган. Согуштун кесепетинен XVI к­ылымдын 2-жарымынан музыка өрүш албай, негизи­нен элдик ырлар гана өнүккөн. XIX кылымда пхансо­ринин обону боюнча үн таануу системасы иштелип чыгып, анын негизинде элдик музыка драма (чхан­гык) өсүп, кийин улуттук операга айланган. XX кылымда европалык музыка кире баштаган, бирок 1910-жылы башталган жапон колониячылыгы 1945-жылга чейин музыкалык маданияттын өсүшүнө кедерги болгон. 1920-жылы батыштын белгилүү музыкасынын таасиринде понсонхва жанры пайда болгон. 1945-жылы Пхе­ньянда биринчи Корея симфониялык оркестри түзүлгөн.

Театры

Орто кылымда театрдын калыптаны­шына элдик ырчылар менен жомокчулардын өнө­рү түрткү берген. XV кылымда бий жана драмалык эле­менттер айкалышкан сандэгык театр жанры негизгилерден болгон. Комыгык театры X кылымда­гы буддалык мистериянын элементтерин кир­гизген. XVII кылымда европалык ярмарка театрларын жа­кындашкан кыдырма труппалар кеңири бел­гилүү болгон. Алар музыкалык оркестр менен па­радды баштап чыгышкан. Хвагык сүйлөшүү театры музыканы жана бийди пайдаланган. XIX кылымда Кореянын профессионал театры калыптана баштаган. Байыркы пхансори – жомокчулар искусствосунун негизинде чхангык музыкалык театры пайда болгон. 1908-жылы Сеулда «Вонгакса» теат­ры уюшулгандан Корея театрынын тарыхы башта­лат. Анын түзүүчүсү Ли Ин Жик байыркы улут­тук салт менен европалык бийдин техникасын бирик­тирүүгө аракеттенген. Батыш театрын жайыл­туучу жана актёрдук билим алууну киргизген Хён Чол Япониядан окугандан кийин 1920-жылы Сеул­да театр мектебин, кийинчерээк актёрдук окуу жайын түзүп, анда европалык жана кореялык пьеса­ларды койгон. 1923-жылы Жапониядан билим алган корейлер тобу Пак Сун Хинин жетекчилигинде Сеулда «Тоулхе» театрын уюштурган (1932-жылга чейин иштеген). Жапониядан билим алган режис­сёр Хон Хе Сон 1931-жылы Сеулда «Спектаклди изил­дөө» аттуу театрын ачкан. Кореяны балет өнөрү менен алгач 1926-жылдан Кореяда иштеген жапон бийчиси, Сэ Ён Хан тааныштырган. Хореография өнө­рүнүн андан аркы өнүгүшү Цой Сын Хинин ысы­мына байланыштуу Ал 1926-жылы Сеулда корей элдик жана батыш классикалык мектебин ачкан. Профессионал куурчак театры 1945-жылы ачылган.

Киносу

. Биринчи кино 1903-жылы көрсөтүлгөн. Ошол эле жылы Сеулда чет мамлекеттик кинолорду көрсөтүүчү кинотеатр ачылган. Улуттук кине­матографияда биринчи тасма «Сүйүшкөндөрдүн ай астындагы анты» болгон (1923, режиссёру Юн Пэк Нам. Кино өнөрүнүн телчигиши жапон баскынчы­ларынын көзөмөлүндө жүргөн. 1920-жылдардын башында тартылган «Чхунхян жөнүндө баян» тасмасы маанилүү окуя катары таанылган. Үнсүз кинонун ири чебери актёр жана режиссёру Ун Гю («Ари­ран», 1926) болгон. Биринчи үндүү тасма – «Чхунхян жөнүндө баяндын» жаңы версиясы (1935, режиссёру Ли Мён Ву). 1930-жылдардын аягын­да тыкыр көзөмөл кинону кризиске учуратып, көптөгөн кино ишмерлери ишин токтоткон же эмиграцияга кеткен. 1942-жылы корей тилинде кино тартууга тыюу салынган.

Ад.: Корейское классическое искусство. М., 1972; История Кореи. С древнейших времён до наших дней. Т. 1–2. М., 1974; История Кореи: (Новое прочтение).
М., 2003; Троцевич А. Ф. История корейской тра­диционной литературы (до ХХ в.) СПб., 2004; Дени­сов В. И. Политические системы государств Корейского полуострова (РК и КНДР) // Политические системы и политические культуры Востока. 2-е изд. М., 2007.