КОЧКОР ГНЕЙС КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР ГНЕЙС КЕНИ Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Балыкчы ш-нан 45 км түш.-батыш тарапта, Кара-Коо тоосунун түн. капталында­гы Кыргоо сайында. 1972-ж. геол. иштер жүргү­зүлгөн. Кен аймагын протерозойдун аягында пайда болгон акиташ, сланец ж-а гнейс тоо тек­тери түзөт. Жука катмарчалуу, темгилдүү гнейс кооз таш катары курулушка жарактуу. Мын­дай гнейстер 3 га аянтты ээлеп, алардан чык­кан блоктордун өлчөмү 0,10x0,2 смден ашпайт. Запасы 300 миң м3. Темгилдүү гнейстердин не­гизги массасы (60%) кызгылт боз түстө болуп, эллипс, көзчө, линза формасындагы кызгылт, ак темгилдерден турат ж-а 1,5 га аянтты ээлейт. Блоктордун орт. өлчөмү 0,2 м3ден ашпайт. Оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Запасы 125 миң м3. Гнейстерден кооз буюмдарды, дубалдарды кооздоп каптоочу такталарды жасоого болот.