КОЧКОР-АТА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР-АТА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дары­лык касиетке ээ суу булагы. Жалал-Абад обл­нун Ноокен р-нунда, Кочкор-Ата ш-нан 8 км түн.-батыш тарапта, Түн. Фергана өрөөнүндө, Кочкор-Ата сайында, деңиз деңг. 2100 м бийик­те жайгашкан. 1954-ж. табылып, 1961–62-ж. хим. курамы изилденген. Суу палеоген мезги­линдеги чөкмө тектерде топтолгон. Бургулоо көзөнөктөрүнөн чыккан суунун көлөмү сутка­сына 13,7–1728,0 м3, темп-расы 25–49°С, жал­пы минералданышы 69,2 г/л, курамы хлорид­натрий-кальцийлүү. Сууда кремний к-тасы 37,7 мг/л. Орг. заттар көп. Суудан бөлүнгөн газда метан, көмүр кычкыл газы, суутек, көмүр к-та­сы, азот бар. Ашказан, муун ооруларына дары.