КОТУР-ТӨР МӨҢГҮСҮ
КОТУР-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Ички Теңир-Тоодогу татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Чоң Нарындын оң курамы – Ара-Бел-Суунун алабында. Тескей Ала-Тоонун түш. капталындагы кыска өрөөндүн төрүнөн башталат. Уз. 6,3 км, аянты 9,9 км2. Башы деңиз деңг. 4780 м, этеги 3830 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м, абляциясынын аянты 3,3 км2. Фирн бассейни Тескей Ала-Тоонун кырынан башталып, эки жагындагы жалпак чокулардагы мөңгүлөрдөн кошумча куралат. Батыш тарабынан Григорьев мөңгүсү орун алган. Бетинде ж-а этегинде мореналар жокко эсе. Төмөнүрөөктө аяккы морена жалчасы өрөөндү дого сымал бөгөп жатат. Мөңгүдөн Ара-Бел-Суунун сол куймасы – Котур-Төр башталат.