КОСМОНАВТИКА
КОСМОНА́ВТИКА (космос ж-а гр. nautike – кеме башкаруу өнөрү), а с т р о н а в т и к а – космоско учуучу аппараттарды пайдалануу м-н космост у ж-а Жер ден т ышк аркы объек т иле рди изилдөөчү, өздөштүрүүчү илим ж-а техника тармактарынын жыйындысы. К. төмөнкү проблемаларды камтыйт: космоско учуу теорияларын – траекторияны эсептөө ж. б.; ил.-тех. ракеталарды, кыймылдаткычтарды, башкаруунун борттук системаларын, автоматтык станцияларды ж-а космос кемелерин, ил. борборлорду констр-лоо, траекториялык ченөө жүргүзүү ж. б.; медицина-биол. тиричиликти камсыз кылуучу борт системаларын түзүү, адам организмине таасир этүүчү кошумча иш, салмаксыздык, радиация м-н байланышкан жагымсыз кубулуштарды калыбына келтирүү; Эл аралык – космос мейкиндигин изилдөө, пайдалануу ж. б. К-нын негиздөөчүлөрү – физик-математик К. Э. Циолковский, амер. физик Роберт Годдард ж-а Эно-Пельтри. Космос заманынын башталышы – СССРде 1957-ж. 4-октябрда Жердин жасалма жандоочусунун, 1961-ж. 12-апрелде Ю. Гагариндин космоско биринчи учушу, 1969-ж. 21-июлда АКШ-нын астронавттары Н. Армстронг ж-а Э. Олдрин башкарган «Аполлон – 11» космос кемесинин Айдын бетине биринчи конушу. Сов. «Мир» (орбитада 20. 2. 1986–23. 3. 1986) ж-а АКШнын «Скайлэб» (орбитада 14. 5. 1973–11. 7. 1979) космостук станциялары курулган. Бул станцияларда космонавттар бир нече айга чейин болуп, ил. технол. ж-а биол. эксперименттер жүргүзүлүп, метеорол. кубулуштар изилденүүдө. Келечекте Айга туруктуу база түзүү ж-а Марска бир канча адамдардан экспедиция жиберүү пландалууда. О. эле Эл аралык «Альфа» орбиталык космостук станциясын куруу максаты турат.