КОСИНУСТАР ТЕОРЕМАСЫ
КОСИНУСТАР ТЕОРЕМАСЫ – үч бурчтуктун эки жагы жана ошол жактардын арасында жаткан бурчу боюнча анын үчүнчү жагын аныктоочу теорема. Ал мындайча айтылат: үч бурчтуктун бир жагынын квадраты анын калган эки жагынын квадраттарынын суммасынан ошол жактар м-н алардын арасындагы бурчтун косинусун эки эселентип көбөйткөн көбөйтүндүсүн кемиткенине барабар, же с2=а2+b2–2ab cosa, мында a, b, c – үч бурчтуктун жактары, a – а жана b жактарынын арасындагы бурч.