КОСИНУСТАР ТЕОРЕМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСИНУСТАР ТЕОРЕМАСЫ – үч бурчтуктун эки жагы жана ошол жактардын арасында жаткан бурчу боюнча анын үчүнчү жагын аныктоочу тео­рема. Ал мындайча айтылат: үч бурчтуктун бир жагынын квадраты анын калган эки жагынын квадраттарынын суммасынан ошол жактар м-н алардын арасындагы бурчтун косинусун эки эсе­лентип көбөйткөн көбөйтүндүсүн кемиткенине барабар, же с2=а2+b2–2ab cosa, мында a, b, c – үч бурчтуктун жактары, a – а жана b жактары­нын арасындагы бурч.