КОРРОЗИЯГА ЧЫДАМДУУ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРРОЗИЯГА ЧЫДАМДУУ МАТЕРИАЛДАР – чөйрөнүн таасирине туруктуу материалдар. Алар кислота, щелочь ж-а бузгуч газ ж. б. м-н иштөөчү аппараттарды, түтүктөрдү, курулуш жабдыкта­рын ж. б. жасоо үчүн керектелет. К. ч. м. бир чөйрөдө тез бузулса, экинчи чөйрөдө коррозия­га туруктуу келет. Алар табиятына жараша металл ж-а металл эмес болуп бөлүнөт. Металл материалдар өз алдынча констр. же атайын жабуучу материалдар түрүндө колдонулат. Мис., темирдин хром м-н куймасы (дат баспоочу бо­лот), титан, цирконий, молибден куймалары газ чөйрөдө жогорку темп-рада да кычкылданбайт. Асыл металлдар (платина, алтын) газдарда ж-а көпчүлүк суюктуктарда өзгөрбөйт. Болот­тун коррозияга туруктуулугун жогорулатууда ага 40%ке чейин никель же 1,5% жез кошулат. Металл эмес К. ч. м. каптоочу, лактап өңдөөчү ж-а көркөмдөөчү материал катары колдонулат. Алар орг. ж-а орг. эмес болуп бөлүнөт. Орг. эмес­терге графит, алюмосиликаттар, таза кремне­зём ж. б. кирет. Кварц айнеги көпчүлүк чөйрөгө туруктуу болгондуктан, хим. идиштерди жасоо­до кеңири колдонулат. Орг. К. ч. м. – фтороп­ласт, полиэтилен, полистирол ж. б. Материал­дардын коррозияга туруктуулугун жогорулатуу­да легирлөө (башка элементтерди кошуу), цинк, алюминий, никель, хром, эмаль, орг. заттар (боёк) м-н каптоо, коррозияны жайлантуучу ин­гибиторлор колдонулат, к. Металлдардын кор­р о зияс ы .