КОРОГЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРОГЛЫ Халык (1919, Ашхабад) – адабият­чы, фольклорчу, филология илимд. доктору (1971), проф. (1986). Москва медин-тун (1946), М. В. Ломоносов атн. ММУнун филология ф-тинин Чыгыш бөлүмүн (1952) бүтүргөн. Түрк ж-а иран тилдеринде сүйлөгөн элдердин баатыр­дык эпосторун салыштырма изилдөөдө зор эм­гек сиңирген. 1947-ж. иран тили ж-а ад-ты б-ча ЖОЖдордо, 1954-ж. ММУнун филология ф-тинде О. Азия, Казакстан элдеринин ад-тта­ры б-ча лекция окуган. 1958–71-ж. «Большая Советская Энциклопедия» басмасынын Тил ж-а ад-т редакциясынын ил. редактору, «Крат­кая литературная энциклопедия» редакция­сынын башчысы, 1971–85-ж. СССР ИАнын А. М. Горький атн. Дүйнөлүк ад-т ин-тунун улук ил. кызматкери болуп иштеген. К. кыргыз фольклору, а. и. «Манас» эпосун изилдеген.


Эмг.: Огузский героический эпос. М., 1976; Взаимо­связи эпоса народов Средней Азии, Ирана и Азербай­джана. М., 1983.