КОРНЕЛЬ
КОРНЕ́ЛЬ Пьер (6. 6. 1606, Руан – 1. 10. 1684, Париж) – француз драматургу. Чыг-лыгын акын катары баштаган. Алгачкы ырлар жыйнагы «Поэтикалык аралашма» деген ат м-н 1632-ж. жарык көргөн. «Сид» (1637) комедиясы – классикалык театрдын алгачкы жогорку үлгүсү. К. «Гораций» (1640), «Цинна» (1640–41), «Полиевкт» (1641–42) ж. б. трагедиялардын, зулумдукту ашкерелеген «Сурена» (1675) пьесасынын автору. К. – Жаңы мезгилдеги европа театрынын түзүүчүсү, француз театрынын «атасы», классицизмдин эң ири драматургу.
Ад.: Большаков В. П. Корнель. Жизненный и
творческий путь. М., 2001.