КОРИОЛИС КҮЧҮ
КОРИОЛИ́С КҮЧҮ – инерция күчтөрүнүн бири.
Кыймылдуу системанын айлануусунун материалдык чекиттин салыштырмалуу кыймылына тийгизген таасирин эсептөө үчүн киргизилген. Фр. окумуштуу Г. Кориолистин ысымынан аталган. К. к. чекиттин массасы м-н Кориолис ылдамдануусунун көбөйтүндүсүнө барабар ж-а бул ылдамданууга карама-каршы багытталган:
F = 2m[S, w ] ... Жер бетинде кыймылдаган нерселерге да К. к. таасир этет. К. к. эркин түшкөн нерсени чыгышты көздөй четтетет (түртөт). Бул
четтөө кеңдикке жараша: уюлдарда нөлгө, ал
эми экватордо эң чоң мааниге ээ. К. к-нө негизделген маятникти 1851-ж. фр. физик Фуко жасаган. Бул маятник Жердин өз огунда айлануусун далилдөөгө жардам берет. Меридиан б-ча түндүктү көздөй кыймылдаган нерсени К. к. Түн. жарым шарда оңго, ал эми Түш. жарым шарда солго түртөт. К. к. кыймылдагы самолётко, снарядга, шамалга, суу агымына да таасирин тийгизет. Мис., Түн. жарым шарда дарыянын оң, ал эми Түш. жарым шарда сол жээги тез жешилет. Экватор б-ча чыгышты көздөй кыймылдаган нерсени К. к. өйдө көтөрөт, ал эми батышка баратканды ылдый басат. Техникада гироскоп, турбина ж. б. айлануучу системаларда К. к. сөзсүз эске алынат.