КОРДЕБАЛЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРДЕБАЛЕ́Т (французча corps de ballet, corps – өздүк курам жана ballet – балет дегенден) – операда, балетте, опереттада жана башкаларда массалык бийлерди аткаруучу ансамбль. Азыркы балетте элдик массалык сахнанын кеңири иштелип чыгы­шы кордебалеттин ролун күчөттү. XIX кылымда кордебалеттте аялдар гана бийлесе,XX кылымда жигиттерден турган кордебалет да зор мааниге ээ болду.