КОНТРМАДАНИЯТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТРМАДАНИЯТ – маданиятын өзгөчө түрү. Культурологиянын көз карашынан алганда контрмаданият салттык маданияттын чегиндеги агым, ал салттык маданияттын айрым дөөлөттөрүнө каршы турат. Контрмаданият эреже катары, доминант маданиятынан айырмаланып, өзүн ага каршы коёт, үстөмдүк кылган маданияттын дөөлөттөрүнө, ченемдерине жана моралдык негиздерине шек келтирет. Контрмаданият 1960-жылдары «жаштар революциясында», хиппи кый­мылында ачык байкалган. СССРде контрмаданиятка андер-граунд, рок-маданияты, азыркы батыш дүйнөсүндө хардкор панк кыймылы мисал боло алат.


Ад.: Контркультура и социальные трансформации. М., 1990.