КОНТРАПОСТ
КОНТРАПОСТ (французча contraposte, италянча contrapossto – cөзмө-сөз, карама-каршылык, карама-каршы коюу) – көркөм сүрөт искусствосунда симметрия же бири-бирине каршы турган адам денесинин бөлүктөрүнүн контрасттык жайгашуу ыкмасы (колу, буту, дененин жогорку жана төмөнкү бөлүктөрү). Мисалы, байыркы доордогу Грекияда кеңири тараган адам фигурасынын бир бутуна таянып, булчуң эттеринин эч чыңалуусуз эркин турган абалы контрапост аталган. XVI кылымда италян Ренессанс доорунда кайра жандандырылган (Микеланжело жана башка сүрөтчүлөр).

Контрапост ыкмасы фигурага чымыркангандыкты, татаал кыймылды берет жана анын үч өлчөмдүү экенин баса көрсөтөт.