КОНСТАНТИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:36, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСТАНТИ́НА – Алжирдин түндүк-чыгышындагы шаар. Константина вилайясынын (административдик- аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 659 миң (2006). Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш (ун, кант, пиво), текстиль, металл иштетүү, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Өлкөнүн негизги дан рыногу, кустардык кол өнөрчүлүк (килем жана башка токуучулук, булгаарыдан буюм даярдоо жана башкалар) өнүккөн. Ислам университети, музей бар. Эң байыртадан (Цирта) белгилүү. Шаар император Улуу Константин Iнин урматына аталган. Рим курулуштарынын калдыктары, түрктөрдүн мезгилиндеги касба, мечиттер, медреселер, мавзолейлер, Кожо Ахмеддин ак сарайы (XIX кылым) сакталган.