КОНСЕРВАТОРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:31, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСЕРВАТО́РИЯ (латынча сonservare – сактоо) – музыка өнөрпоздорун (аспапчы, ырчы, дирижёр), композиторлорду, музыка таануучуларды даярдоочу жогорку окуу жайы. XVI кылымда Италияда кароосуз калган балдарды баккан жай консерватория. делген, анда балдар кол өнөрчүлүккө үйрөнүп, музыкалык сабатка ээ болушкан. Биринчи консерватория Неаполдо 1537-жылы пайда болгон. Консерваториялар атайын жогорку окуу жай катары XVIII кылыдын аягында ачыла баштап, 1795-жылы Париж консерваториясы негизделген. Россияда алгачкы консерватория 1862-жылы Санкт-Петербургда, 1866-жылы Москвада ачылган. Азыр дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө консерваториялар бар. Кыргыз улуттук консерваториясы 1993-жылы ачылган.