КОНДУЧАЛОВА Күлүйпа

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:26, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page КОНДУЧАЛОВА 1 to КОНДУЧАЛОВА Күлүйпа) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНДУЧАЛОВА Күлүйпа (15. 6. 1920, Чүй облусу, Аламүдүн району, Кара-Жыгач айылы) – мамлекеттик жана коомдук ишмер. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1998), Кыргыз Эл Баатыры (2010). Фрунзе педагогикалык окуу жайын (1938), Москвадагы жогорку партиялык мектепти (1945) бүтүргөн. 1938–1940-жылдары Тянь- Шань облусундагы Нарын районунун

Куланак толук эмес орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1940–1943-жылдары Кыргызстан Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзу (ЛКЖС) Тянь-Шань обкомунун секретары, Эл депутаттарынын Тянь-Шань облустук советинин аткаруу комитетинде төраганын орун басары, Кыргызстан Коммунисттер партиясынын (КП) Тянь-Шань обкомунда лектор, Кыргызстан Коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде (КП БК) лектор, 1945–1948-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Фрунзе обкомунда үгүт жана саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, «Коммунист» журналынын редактору, Кыргызстан Коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде аялдар бөлүмүнүн башчысы, 1948–1949-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун секретары, 1947–1949-жылдары партиянын Жалал-Абад обкомунда үгүт жана саясат бөлү­мүндө секретарь, 1949–1952-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президимунун төрагасынын орун басары, 1952–1953-жылдары Кыргызстан Коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинин секретары жана аялдар арасында иштөө боюнча бөлүмдүн башчысы, 1953–1958-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри, 1958–1963-жылдары Кыргыз ССР маданият жана тышкы иштер министри, 1963–1980-жылдары Кыргыз ССР маданият министри, 1980–2003-жылдары Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомунун Борбордук кеңешинин президиумунун төрагасы. СССР Жогорку Советинде Улуттар Советинин төрагасынын орун басары (1958–1962). Кыргыз мамлекетинин маданияты менен искусствосуна зор эмгек сиңирген. СССР Жогорку Советинин (1954–1962) жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1947–1975) депутаты. Эл аралык Курманжан датка сыйлыгынын ээси. Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», 1-даражадагы Манас ордендери жана медалдар менен сыйланган.