КАЙКИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:43, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЙКИН Василий Матвеевич [09. 06. 1910, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу (азыркы Ысык-Көл) облусу, Пржевальск уезди (азыркы Түп району), Түп айылы – 30. 01. 1945, Герма­ния, Альткессель темир жол бекети] – гвардиянын

улук сержанты, Советтер Союзунун Баатыры (27. 02. 1945, өл­гөндөн кийин). Советтик Армиянын катарына 1942-жыл­ы чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта Кызыл Туулуу Мозырь гвардиялык атчандар дивизиясынын 54- гвардиялык атчандар пол­кунун пулемёт расчётунун командири. Сталинград, Борбордук жана 1-Белорус фронт­торунда салгылашкан. В. М. Кайкиндин расчёту 1945-жылы 29-январда Зелёна-Гура шаарына (Польша) жакын Одер дарыясын кечип өтүүдө душмандын 6 чабуулунун мизин кайтарган, душманды коргонуп жаткан жеринен кууп чыгып, эскад­рондун дарыядан өтүшүнө шарт түзгөн. Кийинки күнү Германиядагы Альт­кессель (Альткассел) темир жол бекетин алуу үчүн салгылашта 100дөй фашистти жок кылып, душмандын ок­-дары жүктөлгөн 7 автомашинасын талкалаган. Ок-дарысы түгөнүп, душмандын курчоосунда калганда, танкага каршы гранатаны жарып, душманды кырган жана өзү да курман болгон. 2 жолу 3-даражадагы Даңк, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган. Түп кыштагында Кайкинге эстелик тургузулган. Анын ыс­мында мектеп, көчө бар.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.