КЕТМЕН (эмгек куралы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:03, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕТМЕН – дыйканчылыкта колдонулуучу эм­гек куралы. Кетмен алгачкы дыйканчылык менен кошо пайда болуп, адегенде таштан, колодон, кийин жалпак курч темирден жасалган. Анын уңгусу, башы жана сабы болот. Кетмендин башы үч бурч, те­герек жана сүйрү формада, узундугу 25–35 см, эни 20–30 смдей. Уңгусуна 5–7 см келген жоон түтүкчө ширетилет же кадалат да, ага 1,5 мче жумуру жыгач сапталат. Бети жылмаланып, мизи кур­чутулуп, уңгусу жагынан эки чети ичин көздөй бир аз кайрылат. Учурда жер казуу, арык чабуу жана башка айыл чарба иштеринде кетмен кеңири пайдаланылат.